Сом рублга карата дагы 0,66% арзандады

12 января 2023, 16:04

Улуттук банк 13-январга карата валюталардын сомго карата расмий курсун жарыялады. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтына жарыяланды. 
 
Маалыматка ылайык, сом рублга карата дагы 0,66%га арзандап, 1,2415 сомду түздү. Евро 0,16%га өсүп, 92,0803 сомго бааланды. 
 
Теңге 0,11% төмөндөп, 0,1852 сом болду. 
 
Ал эми доллардын курсу 85,68 сомду түздү.