Сом рублга карата дээрлик 2%га арзандады

14 октября 2022, 16:06

Кыргызстандын Улуттук банкы 15-октябрга карата валюталардын сомго карата расмий курсун жарыялады. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтында жайгаштырылган.

Такталган маалыматтарга караганда, сом АКШ долларынан башка бардык негизги валюталарга карата арзандады. Бирок төмөндөө анча деле байкалбайт – 0,01%га, 83,5766 сомго чейин.

Мында евро 0,38%га бекемделип, 81,4872 сомду түздү.

Теңгенин курсу 0,52%га жогорулап, 0,1753 сомду түзсө, рубль 1,47%га жогорулап, 1,3090 сом болду.