Сом рублга карата 5% түштү. Улуттук банктын курсу

10 января 2023, 16:07

Улуттук банк 11-январга карата валюталардын сомго карата расмий курсун жарыялады. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтына жарыяланды. 

Маалыматка ылайык, сом АКШ долларынан башка бардык негизги валюталарга карата арзандап, 85,68 сомду түздү.

Рубль 4,92%га кымбаттап, 1,2203 сомго бааланды. 

Евро жана теңге 0,45% жана 0,11%га кымбаттап, тиешелүүлүгүнө жараша 91,6048 жана 0,1855 сомду түздү.