Сом теңгеге карата дагы 1,10%га арзандады

3 марта 2023, 16:02

Улуттук банк 4-мартка карата валюталардын сомго болгон расмий курсун жарыялады. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтында жайгаштырылды.

Такталган маалыматтарга караганда, сомдун курсу еврого жана рубльга карата тиешелүүлүгүнө жараша 0,16% жана 0,12%га кымбаттады.

Ошол эле учурда улуттук валюта теңгеге карата 1,10% төмөндөп, 0,2028 сомду түздү.

АКШ доллары 87,42 сомго бааланууда.