Сом бардык негизги валюталарга карата арзандады

26 октября 2022, 16:11

Улуттук банк 27-октябрга карата валюталардын сомго расмий курстарын жарыялады.

Жаңыланган маалыматка ылайык, сом бардык негизги валюталарга карата арзандады.

Баарынан евро 1,91%га бекемделип, 83,0460 сомду түздү. Теңге 0,34%га, 0,1755 сомго, рубль болсо 0,13%га кымбаттады.

АКШ доллары бир аз кымбаттап, 0,08%ды түздү.