Сом негизги валюталарга карата түштү

23 января 2023, 16:02

Улуттук банк 24-январга карата валюталардын сомго карата расмий курсун жарыялады. Бул тууралуу тийиштүү мекемеден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, сом бардык негизги валюталарга карата арзандады. Эң көп рублге карата 1,14% төмөндөп, ал 1,2590 сомду түздү. 

Ал эми евро сомго карата 0,61%га бекемделип, 93,8744 сомду түздү.

Теңге 0,16%га жогоруласа, АКШ доллары 0,07%га кымбаттады.