Сом бардык негизги валюталарга карата арзандады

19 января 2023, 16:07

Кыргызстандын Улуттук банкы 20-январга карата валюталардын сомго карата расмий курстарын жарыялады. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтында жайгаштырылган.

Такталган маалыматтарга караганда, сом бардык негизги валюталарга карата арзандады. Баарынан да теңгеге – 0,60%, 0,1856 сомго чейин.

АКШ доллары 0,24%га бекемделип, 85,8889 сомду түздү.

Рубль 0,18%га кымбаттап, 1,2445 сомду түздү.

Евро да 0,01%га жогорулап, 92,9060 сомду түздү.