Сом бардык негизги валюталарга, өзгөчө еврого карата түштү

1 декабря 2022, 16:10

 Улуттук банк 1-декабрга карата валюталардын сомго карата расмий курсун жарыялады. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтына жарыяланды. 

Маалыматка ылайык, сом бардык негизги валюталарга карата төмөндөдү. Өзгөчө еврого карата 0,74% төмөндөп, 88,2165 түздү. Рублга карата 0,38% жана теңгеге карата 0,11% арзандады. Рубль 1,3859 сом, ал эми теңге 0,1803 сом болууда.

АКШ доллары бир аз көтөрүлүп, 1 валюта 84,45 сомго бааланды.