Сом рублга карата 0,14%га бекемделди
Улуттук банкы 23-февралга карата валюталардын сомго карата расмий курсун жарыялады. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, сомдун курсу теңгеге карата 0,25%га кымбаттап, 0,1957 сомду түздү. Рублга карата сом 0,14%га жогорулап, 1,1679 сомго бааланды. Евро 0,14%га көтөрүлүп, 93,0630 сомду түздү.
Учурда доллардын курсу 87,42 сом.