Сом бардык валюталарга, баарынан да рублге карата позициясын бекемдеди

15 декабря 2021, 17:49

Улуттук банк 16-декабрга карата валюталардын расмий курсун жарыялады. Андагы маалыматтарга караганда, кыргыз сому өнөктөш өлкөлөрдүн валюталарына карата бекемделди.

Белгилей кетсек, сом орус рублине карата баарынан көп дароо 0,52 пайызга, ал эми АКШ долларына карата эң азы 0,005 пайызга бекемделген.

Теңге жана евро кыргыз сомго карата тиешелүүлүгүнө жараша 0,15 пайыз жана 0,08 пайызга алсызданды.

Ошону менен бирге эле, сом дүйнөнүн дагы 24 валютасына караганда бекемделген. Анын ичинде 4-11-декабрга чейин сомго чөгүп кеткен афган акчасына карата позициясын дароо 7,26 пайызга, жыл ичинде 25,73 пайызга бекемдеген.