Сом доллар жана еврого карата бекемделип, рублга карата төмөндөдү

18 ноября 2022, 16:40

Улуттук банк 19-ноябрга карата чет элдик валюталардын сомго карата расмий курсун жарыялады. Бул тууралуу тийиштүү мекемеден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, сом долларга карата 0,01%га, же 84,44 сомго кымбаттаса, еврого карата 0,3%га, 87,466 сомго бааланды. 

Ал эми рублдин сомго карата курсу 0,14%га жогорулап, 1,3962 сомду түздү. Теңге өзгөрүүсүз калды.