Сом еврого карата 0,15% бекемделди

27 января 2023, 16:05

Улуттук банк 28-январга карата валюталардын сомго карата расмий курсун жарыялады. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтына жарыяланды. 

Маалыматка ылайык, сом евродон башка бардык негизги валюталарга карата сом төмөндөдү. Евро сомго карата 0,15%га арзандап, 93,8174 сомго бааланды.

Ал эми доллар 0,03%га көтөрүлүп, 86,15 сом болсо, рубль 0,04%га жогорулап, 1,2422 сом болду. Теңге 0,21%га жогорулап, 0,1871 сомду түздү.