Сом еврого карата 0,23%га бекемделди

15 февраля 2023, 16:06

Улуттук банк 16-февралга карата валюталардын сомго карата расмий курсун жарыялады. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтында жайгаштырылган.

Такталган маалыматтарга караганда, сом рублга жана теңгеге карата алсызданды.

Ал эми рублдин курсу 0,03%га жогорулап, 1,1818 сомду түздү.

Теңге 0,83%га кымбаттап, 0,1944 сомго бааланды.

Мында евро 0,23%га арзандап, 93,2710 сомго белгиленди.

АКШ доллары 86,97 сомго барабар.