Сом еврого карата бекемделди, долларга жана рублга карата төмөндөдү

8 октября 2021, 17:30

Кыргызстандын Улуттук банкы 9-октябрга карата сомдун негизги валюталарга карата расмий курсун жарыялады. Такталган маалыматтар боюнча улуттук валюта еврого карата 0,05%га бекемделип, 97,9799 сомду түздү.

Ошол эле учурда сом АКШ долларына, рублга жана казак теңгесине карата алсырады. Рублге жана теңгеге карата эң күчтүү, тиешелүүлүгүнө жараша + 0,43% жана + 0,3%. АКШ валютасына карата өзгөрүү анча чоң эмес, болгону + 0,01%, 8-октябрга карата 1 доллар үчүн 84,7919 сомдун ордуна 84,8 сомду түзөт.

Бир жыл мурун, 9-октябрда АКШ долларынын сомго карата расмий курсу 79,6167 сом болгонун, учурдагы курстан 6,11% га төмөн болгонун кошумчалайбыз.