Сом рубль менен теңгеге карата бекемделди. Улуттук банктын курсу

15 ноября 2022, 16:08

Улуттук банк 16-ноябрга карата валюталардын сомго карата расмий курсун жарыялады. Бул тууралуу тийиштүү мекемеден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, сом еврого карата арзандап, бирок рубль менен теңгеге карата көтөрүлдү.

Европа валютасы дагы 0,60% кымбаттап, 87,8151 сомду түздү.

АКШ доллары мурдагыгыдай эле 84,3808 сомду түздү. 

Рубль жана теңге 0,52% жана 0,27% арзандады.