Сом рубль жана теңгеге карата бекемделди

18 января 2023, 16:09

Кыргызстандын Улуттук банкы 19-январга карата валюталардын сомго карата расмий курстарын жарыялады. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтында жайгаштырылган.

Такталган маалыматтарга ылайык, сом рублга жана теңгеге карата тиешелүүлүгүнө жараша 0,42% жана 0,05% кымбаттады.

Мында евро 0,14%га чыңалып, 92,8943 сомду түздү.

Доллардын курсу өзгөргөн жок – 85,68 сом.