Сом рублга карата 0,78%га бекемделди

17 февраля 2023, 16:10

Кыргызстандын Улуттук банкы 18-февралга валюталардын сомго карата расмий курсун жарыялады. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтында жайгаштырылган.

Такталган маалыматтар боюнча сом дээрлик бардык валюталарга карата бекемделди.

Рубль баарынан да 0,78%га арзандап, 1,1682 сомду түздү.

Евро 0,59% төмөндөп, 93,0498 сомго бааланды.

Теңге 0,05%га төмөндөп, 0,1968 сомду түздү.

Доллардын курсу 87,42 сом.