Сом рублга карата 1,12% бекемделди. Улуттук банктын алмашуу курсу

9 января 2023, 16:19

Улуттук банк 10-январга карата валюталардын сомго карата расмий курсун жарыялады. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтына жарыяланды. 

Маалыматка ылайык, сом рублга карата 1,12% га бекемделип, 1,1631 сомду түздү.

Ошондой эле, евро жана теңге сомго карата тиешелүүлүгүнө жараша 0,18% жана 0,05%га бекемделди.

Доллардын курсунда өзгөрүүлөр жок, ал 85,68 сом деңгээлинде бааланууда.