Сом рублга карата 1,61%га бекемделди. Улуттук банктын курсу

15 декабря 2022, 16:06

Улуттук банк 16-декабрга карата валюталардын сомго карата расмий курсун жарыялады. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтында жайгаштырылды.

Маалымат боюнча, сом еврого карата 0,17% жана рублга карата 1,61%га кымбаттап, тиешелүүлүгүнө жараша 90,2381 жана 1,3240 сомду түздү.

Ал эми доллар менен теңгенин курсу өзгөргөн жок.