Сом евро, рубль жана теңгеге карата бекемделди. Улуттук банктын курсу

30 ноября 2022, 16:05

Улуттук банк 1-декабрга карата валюталардын сомго карата расмий курсун жарыялады. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтына жарыяланды. 

Такталган маалыматка ылайык, сом еврого карата 0,13%га бекемделип, 87,5643 сомду түздү. Ал эми рубль 0,08%га төмөндөп, 1,3806 сомго бааланды.

Теңгенин курсу 0,11%га төмөндөп, 0,1801 сомго бааланды, доллар 84,4482 сомду түздү.