Сом негизги валюталарга карата бекемделди

24 января 2023, 16:15

Улуттук банк 25-январга карата валюталардын сомго карата расмий курсун жарыялады. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтына жарыяланды. 

Ага ылайык, сомдун курсу бардык негизги валюталарга карата кымбаттады. Эң жогору рублге карата 1,34%га, 1,2421 сомго чейин көтөрүлдү.

Андан кийин евро 0,31% арзандап, 93,5880 сомго жетти.

Сомго карата АКШ доллары 0,10% жана теңге  0,05% арзандады.