Сом рублдан башка негизги валюталарга арзандоодо

16 ноября 2022, 16:35

Улуттук банк эртең, 17-ноябрга карата валюталардын сомго карата расмий курсун жарыялады. Бул тууралуу тийиштүү мекемеден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, сом рублден башка бардык негизги валюталарга карата арзандады. Европа валютасы 0,04%га жогорулап, 87,8492 сомду түздү. Ал эми доллар 0,05%га көтөрүлүп, 84,4217 сомду түздү. Рубль 0,19%га төмөндөп, 1,3851 сом болду.

Өз кезегинде теңге 0,44%га жогорулап, 0,1848 сомду түздү.