Сом мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөрдөгү эң туруктуу валюталардын бири

19 мая 2023, 10:03

Сом мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөрдөгү эң туруктуу валюталардын бири. Бул тууралуу Улуттук банктын жетекчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Улуттук валютанын 30 жылдыгына арналган жыйында билдирди.

Белгилегендей, бүгүнкү күндө санариптештирүү каржы системасын өнүктүрүүдө негизги ролду ойнойт. Бирок ал жаңы чакырыктарды да жаратууда.

“Учурдагы жаңы өзгөрүүлөр, тенденциялар биздин ишибизге да түздөн-түз тиешелүү. Бүгүнкү конференция каржы секторунун туруктуулугуна жана санариптештирүүгө арналган. Бүгүнкү күндө Улуттук банктар жаңы чакырыктарга даяр болушу керек”, - деди ал.