Сом бардык негизги валюталарга карата бекемделди

27 сентября 2022, 16:05

Кыргызстандын Улуттук банкы 28-сентябрга карата валюталардын сомго карата расмий курсун жарыялады. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтында жайгаштырылган.

Такталган маалыматтарга караганда, сомдун курсу бардык негизги валюталарга карата бекемделди.

Баарынан да рубль 2,81%га арзандап, 1,3645 сомду түздү.

Евро 1,84%, теңге 2,81%, АКШ доллары 1,19%га төмөндөдү. Ошол эле учурда евро АКШ долларына караганда арзан бааланууда.