Сом бардык негизги валюталарга, баарынан да рубльга карата бекемделди

29 июня 2023, 16:12

Улуттук банк 30-июнга карата валюталардын сомго болгон расмий курстарын жаңылады. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтында жайгаштырылган.

Такталган маалыматтар боюнча, сом өнөктөш өлкөлөрдүн бардык валюталарына карата бекемделди. Баарынан да рублге карата 1,55% менен 1,0146 сомго чейин. Теңгенин сомго карата курсу 0,93%га арзандап, 0,1921 сомду түздү. Евро 0,34%, АКШ доллары 0,10% арзандады.