Сомдун наркы бардык ваюталарга карата алсызданды

25 апреля 2022, 16:29

Улуттук банк 26-апрелге карата валюталардын расмий курсун жарыялады. Андагы маалыматтарга караганда, кыргыз сому өнөктөш өлкөлөрдүн валюталарына карата алсызданды.

Белгилей кетсек, сомдун наркы баарынан да орус рублине карата дароо +,7,60 пайызга, ал эми эң азы еврого карата 2,23 пайызга алсызданган. Ошентип, бир рубль 1,0855 сомду, евро 98,2718 сомду түздү.

АКШ доллары жана теңге сомго карата 2,75 пайызга бекемделип, бир доллар 83,0899 сомго, теңге 0,1871 сомго бааланды.