Соода-өнөр жай палатасында фармацевтика комитети түзүлдү

17 марта 2023, 12:30

Соода-өнөр жай палатасынын алдында фармацевтика тармагындагы абалды көзөмөлдөө, ишкерлерди коргоо, анын ичинде мыйзам деңгээлинде иш алып баруу боюнча жаңы комитет түзүлдү. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын фармацевттери Соода-өнөр жай палатасына тармактын, анын ичинде өндүрүүчүлөрдүн гана эмес, жеткирүүчүлөрдүн да кызыкчылыктарын алдыга жылдырууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Аталган маселе боюнча жыйын өтүп, анда ар кандай себептерден улам өлкөнү арзан, бирок сапаттуу дары-дармектер менен камсыз кыла албай жаткан жеткирүүчүлөрдүн маселелери талкууланды.

“Тармактын негизги көйгөйлөрүнүн бири ата мекендик өндүрүшчүлөр өлкөнүн дары-дармек ресурстарына (чөптөр ж.б.) жеткиликтүүлүгүн жоготуп, арзан сырье катары чет өлкөлөргө чыгып жаткандыгы болуп саналат”, - деди СӨП башчысы Темир Сариев.