Соода-Өнөр жай палатасына Марат Шаршекеев кайрадан жетекчи болуп шайланды

18 декабря 2020, 17:00

Кыргызстандын Соода-Өнөр жай палатасынын азыркы президенти Марат Шаршекеев кайрадан жетекчи болуп шайланды. Бул тууралуу бир катар ишкерлер өздөрүнүн Фейсбук баракчасына маалымдашты. 

Маалым болгондой, Соода-Өнөр жай палатасынын президентин шайлоо бүгүн болду. Анда Шаршекеев муну менен үчүнчү ирет, беш жылдык мөөнөткө шайланды.

Биринчи туру жашыруун болуп, 126 делегат добуш берген. Анда талапкерлер Кайрат Итибаев 17, Бакыт Дегенбаев 34, Марат Шаршекеев 53 добуш алган.

Экинчи турдагы добуш берүүгө Марат Шаршекеев менен Бакыт Дегенбаев чыккан. Жыйынтыгында Марат Шаршекеев 57, Дегенбаев 40 добушка ээ болгон.

 Бирок, съезд бурмаланып, регламентти бузуу менен өттү дегендер дагы бар. Алардын бири Түркиядагы кыргызстандык ишкер Айбек Сарыгул. 

«Тилекке каршы Кыргыз Соода-Өнөржай Палатасынын сьезди бурмаланып, регламентти толук бузуу менен, атайын дежур делегаттардын тандоосуна жараша өттү десем жаңылышпайм.

Кыргыз ишкердик чөйрөсүн дагы беш жылга 70-ке чыккан абышкага тапшырып бердик. Бул эми биздин эскинин этегинен айрылгыбыз келбегинибиздин белгиси. Биз жаңыланууну каалабасак экономикабыз да жаныланбайт жана өнүгүү деген болбойт», - деп билдирген Сарыгулов өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу. 

 

Жалпысынан жети талапкер ат салышкан. Алар:

-Кайрат Итибаев, «Чет өлкөлүк инвесторлор ассоциациясынын» өкүлү, Соода-Өнөр жай палатасынын кеңешинин мүчөсү;

-Бакыт Дегенбаев, Ата мекендик өндүрүшчүлөр ассоциациясынын төрагасы;

-Кубатбек Рахимов, Өкмөт башчынын кеңешчиси, Соода-Өнөр жай палатасынын кеңешинин мүчөсү;

-Марат Шаршекеев, Соода-Өнөр жай палатасынын учурдагы президенти;

-Уран Ниязалиев, «Дан Агро Азык» ишканасынын башкы директору;

-Бахтияр Мухамедзиев, «Аю Холдинг» ишканасынын вице-президенти;

-Роман Касымов, «Ишкерликти өнүктүрүү» фондунун төрагасы.

Соода-өнөр жай палатасынын азыркы төрагасы Марат Шаршекеев бул кызматта 2010-жылдан бери иштеп келет.