Жүздөн ашык соодагерге Ош базардын ичинен орун берилди

23 февраля 2021, 15:00

Бишкектеги Ош базарынын сыртында турган 106 соодагерге базардын ичинен орун берилди. Бул тууралуу мэриянын сайтында маалымдалат. 

 

Маалыматка ылайык,  Ленин райондук акимчиликтин мобилдик топтору күн сайын Ош базарынын айланасын кыдырып, мыйзамсыз соода кылгандарды тартипке чакыруу аракеттерин кылып келген.

Учурда мыйзамсыз соода кылган 106 кишиге базардын ичинен орун берилди.