Президент: КРда дары-дармектер боюнча мамлекеттик материалдык резерв түзүлөт

20 июля 2020, 16:05

Өкмөт 65 аталыштагы дары-дармектердин запасын түзүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу КР президенти Сооронбай Жээнбеков билдирди.

«Мамлекеттик материалдык резерв бар. Мурун ал жерде дары-дармектер сакталчу, бирок кийин баардыгы токтотулган. Биз бул маселени чечтик»,-деди ал.

 

Өлкө башчы оор мезгилде өз пайдасын ойлоп, байууну каалагандарды эл душмандарына теңей тургандыгын эске салды. Анын айтымында, кеп жалгыз гана дары-дармектердин ташуучулары жөнүндө эмес, баардык ишкерлер жана ар бир жаран тууралуу болуп жатат.

«Бул маселе жеке менин көзөмөлүм алдында, өкмөт башчынын көзөмөлүндө. Мамлекеттик органдар көзөмөл иштерин жүргүзүүдө, биз бул багытта катуу иш алып баруудабыз»,-деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.