Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү үчүн 132 аукцион өткөрүлдү

10 мая 2021, 17:50

Ушул жылдын биринчи кварталынын ичинде "Аукцион борбору" мамлекеттик мекемеси мамлекеттик мүлктү ижарага алуу келишимин түзүү укугуна 470 электрондук аукцион жарыялаган. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун сайтында маалымдалды.

Анын айтымында, 470 электрондук аукциондун 132си өттү, калган 338и арыздын жоктугунан өтпөй, кайрадан жарыяланды. Ошондой эле жалпы аянты 12 миң 528,2 чарчы метрди түзгөн 168 келишим түзүлгөн.