Кытай бийлиги Жек Манын бир компаниясын жапты

1 января 2021, 17:20

Октябрдын аягында кытайлык бийлик Алибабага тийштүү IPO өндүргөн Ant компаниясынын ишмердүүлүгүн токтоткон. Муну менен катар компаниянын жетекчиси Жек Манын кирешеси 61.7 млрд доллардан 50.9 млрд долларга чейин кыскарган. Бул тууралуу «Интерфакс» жазып чыкты. 

 

 

 

ММКлар менен байланышкан аткаминерлер жашыруун билдиришкендей, бул чечим Жек Маны бийликке карата тынымсыз айтып келген сын-пикиринен улам кабыл алынган. Бирок, ошол эле учурда алар инвестклиматка терс таасир тийгизип албаш үчүн жана өлкөдөгү иннолвациянын баркын төмөндөтпөө үчүн мындай чечимди олуттуу ойлонуп, анан кабыл алуулары керек эле. 

 

Эксперттер билдиргендей, IPO рынокто ийгиликтүү сатылса, кирешеси 34 млрд долларга чейин жетмек.