Түрмө кызматкерлери 18,11 млн сомго кийим сатып алышат

27 декабря 2022, 13:41

Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы Түзөтүү мекемелерин коргоо жана соттолгондорду жана камактагы адамдарды коштоп жүрүү департаменти кийим-кече жана мүлктү инвентаризациялоо боюнча тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.

Тендердин жалпы суммасы 18 миллион 110 миң 50 сомду түзөт.

Техникалык тапшырма боюнча жалпысынан 16 буюм сатып алынат. Негизги 7,3 миллион сом аскер кызматкерлери үчүн берет сатып алууга жумшалат.