Бажы кызматкерлери контрабандисттерге жардам беришкен

25 декабря 2020, 09:40

Ош облусунун Бажы кызматынын кызматкерлери «Достук» өткөрмөсү аркылуу товарларды аткезчилик жол менен өткөрүп турушкан. Бул тууралуу Финансы полициясынан маалымдашты. 

 

 

Маалым болгондой, кылмыш иши системалуу экономикалык аткезчилик фактысынын алкагында козголгон. 

Буга чейин, аткаминерлердин катышуусу менен товарларды контрабанда жолу менен ташуу фактысы дагы Финансы полициясы тарабынан аныкталган.

Кошумчалай кетсек, азыркы учурда мыйзамсыз иштерге катышы бар кызматкерлерди жана бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо иштери жүргүзүлүп жатат.