Улуттук госпиталдын кызматкерлери Баткенде жабыркагандар үчүн 625 миң сом чогултушту

4 июня 2021, 15:10

Улуттук госпиталдын кызматкерлери бир күндүк эмгек акыларын кыргыз-тажик чек арасындагы жабыркагандарга каржылык колдоо катары беришкен. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жалпысынан Улуттук госпиталдын кызматкерлеринин атынан жардам үчүн 625 миң сом чогултулган.

Оорукананын башкы дарыгери Токтобай Маанаев Максат айылынын тургундарына материалдык жардамды жеке өзү тапшырды.