Прокуратура жана ИИМдин кызматкерлери пара менен кармалышты

18 октября 2019, 11:15

УКМКнын кызматкерлери Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Башкы прокуратурасынын орун басарын жана райондук ИИБнын кызматкерин 60 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармашты. Тергөө иштери 16-октябрда жүргүзүлдү – деп билдирет УКМК. 

Маалыматка ылайык, пара менен кармалган прокуратура жана ИИМдин  кызматкерлери Э.А. аттуу жарандан, кылмыш иштин бетин жабууга 100 миң сом өлчөмүндөгү акча талап кылышкан. Буга чейин Э.А. аттуу жаран  60 миң сом  бергенин билдирди. 
Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.