Нарындын капиталдык курулуш башкармалыгы дээрлик 22 млн сомду коромжу кылган деп шектелүүдө

9 июня 2022, 13:17

Нарын облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери дээрлик 22 миллион сомду коромжу кылган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, жооптуу адамдар Казыбек айылындагы бала бакчанын курулушуна жана Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылындагы таза сууну калыбына келтирүүгө акча которгон. Ал эми аталган объектилер боюнча эч кандай иш жасалган эмес.

Нарын облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке жалпысынан 21 млн 801 миң 901 сом зыян келтирилген.

Аталган фактылар боюнча облустун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча эки кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.