COVID -19: КТРКнын жамааты атайын эсепке 245 миң сом бөлүштү

27 марта 2020, 14:50

Өлкөнүн башкы каналы болгон Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын эмгек жамааты коронавирустун республика аймагында таралуусуна каршы күрөшкө колдон келишинче салым кошуу максатында, бир күндүк эмгек маянасын которду. Бул тууралуу КТРКнын сайтында айтылат.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча ачылган атайын эсепке КТРК тарабынан 245 миң 500 сом эсепке келип түштү.