COVID-19 менен каршы күрөшүү боюнча КР 2 эсеп ачылган

8 апреля 2020, 16:00

COVID-19 менен каршы күрөшүү боюнча КР 2 эсеп ачылган. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, ачылган эсептин бири - калктын аярлуу катмарын камсыз кылуу максатында көрсөтүлүп жаткан жардамдарды координациялоо үчүн Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында ачылган. Ага акчалай каражат түрүндө 6 млн 484 миң сом түштү.

Экинчи - коронавируска каршы күрөшүү максатында Финансы министрлигинин астында атайын депозиттик эсеп ачылган. Ага 8-апрелге карата жалпысынан 103 млн сом келип түштү. Бул толугу менен медициналык максатка жумшалат.