Кыргызстандын экономикасынын төмөндөөсү 6.9 пайызды түздү

20 июля 2020, 09:31

Кыргызстанда 2020-жылдын январь-июнь айларында ички дүң продукциясынын  -5.3 пайыздагы  реалдуу терс  өсүшү түзүлүп, аталган көрсөткүч былтыркы жылдын ушул эле убагына салыштырмалуу 11.7 пайызга төмөндөгөн. Мындай алдына ала маалыматты республиканын Улуттук статистикалык комитети билдирет.

ИДПнын номиналдуу көлөмү 228.3 млрд сомду түздү. Экономиканын «Кумтөр» алтын иштетүүчү ишканасын кошпогондогу төмөндөөсү 6.9 пайызды түздү.

Каралып жаткан убакыттагы керектөөчү баалардын индекси 2019-жылдын январь-июнь айларына карата 5.8 пайызды түзгөн.