«Эйр Кыргызстандын» атайын администратору кредиторлорду чогултат

21 февраля 2023, 09:20

"Эйр Кыргызстан" ААКнын атайын администратору кредиторлорду кезексиз чогулушка чакырат. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.

Банкроттук жол-жобосун колдонуу тартиби жөнүндө жобого ылайык, "Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясынын атайын администратору кредиторлордун кезексиз чогулушун чакырат, ал 27-февралда өтөт.

Жыйында кредиторлорго компания тууралуу атайын администратор тарабынан даярдалган маалыматтар берилип, авиакомпаниянын банкрот болушуна байланыштуу башка маселелер талкууланат.