«Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясы кредиторлордун жалпы чогулушун өткөрөт

15 июня 2023, 16:37

“Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясынын атайын администратору 2023-жылдын экинчи кварталындагы иштери тууралуу маалымат берет. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында айтылат.

Буга байланыштуу “Эйр Кыргызстан” ААКтын атайын администратору кредиторлордун жалпы чогулушун чакырат.

Бул атайын администратордун быйыл үчүнчү жолу өтүп жаткан жыйыны.

Эске салсак, учурда “Эйр Кыргызстан” компаниясы банкроттук жагдайда.