Куралдуу кагылышта жабыркагандардын 298 насыясы жоюлду

7 декабря 2022, 13:48

Ушул айдын 1-декабрына карата Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу кагылыштан жабыркаган 474 карыз алуучу финансылык-кредиттик уюмдарга кайрылган. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.  

Анын ичинен 298 насыя 19 миллион 974 миң сом жоюлса, 38 миллион 430 миң сомдук 170 насыя реструктуризацияланган. 

“Учурда финансылык-кредиттик уюмдар бул аймактарда жабыркаган насыя алуучулардын бардык арыздарын кароону улантууда”, - деп билдирди Улуттук банк.