«Кумтөр» боюнча депутаттык комиссия түзүлдү

29 сентября 2022, 10:38

Парламенттин 28-сентябрдагы отурумунда "Кумтөр Голд Компани" ишканасындагы алтындын сатылышын, жалпы өндүрүштүн көлөмүн иликтөө жана Кыргызстандын менчигине өткөндөн берки ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү.
 
Депутаттык комиссия түзүү маселесин "Ата-Журт — Кыргызстан" фракциясы сунуштады.
 
Комиссиянын курамына депутаттар Марлен Маматалиев, Балбак Түлөбаев, Адахан Мадумаров, Исхак Масалиев, Жанарбек Акаев, Нилуфар Алимжанова, Надира Нарматова, Нурланбек Шакиев, Марат Мураталиев, Улугбек Ормонов, Шайлообек Атазов, Арсланбек Малиев, Максат Сарбагышев кирди.