Спорт машыктыруучулары суткасына 83 сомдон гана алышат

1 мая 2023, 09:36

Спорт машыктыруучуларына суткасына 83 сом гана берилет. Бул тууралуу депутат Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясы менен “Мекенчил” депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында билдирди.

“Эгерде машыктыруучу кайсы бир мелдешке барса, ага 83 сом гана берилип келет. Машыктыруучулардын күнүмдүк акысын көтөрүүнү сурандым. Муну өкмөттүн бир токтому менен ишке ашырса болот”, - деди депутат.

Ал билдиргендей, бул сумма 2008-жылы ошол кездеги премьер-министр Игорь Чудинов тарабынан белгиленген.