Токиодогу Олимп оюндарынан алтын медаль уткан спортчулар 10 млн сом сыйлык алат

13 июля 2021, 17:30

Токиодогу Олимп оюндарында алтын алган спортчуларга 10 млн сом сыйлык берилет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кыргызстандын Олимпиада курамасы менен болгон жолугушууда билдирди.

Токиодогу Олимпиадада алтын алган спортчу 10 млн сом, күмүш байге уткан 7 млн сом жана коло байге алган спортчу 5 млн сом менен сыйланат.

Ошондой эле башкы, жеке машыктыруучуларга, спортчуларды караган медициналык кызматкерлерге спортчу алган орунга жараша 10-25%дык акчалай сыйлык берилет.