Банктар аралык соодада долларга суроо-талап эки эсе төмөндөдү

2 декабря 2022, 10:17

Кечээ, 1-декабрда Кыргызстандын коммерциялык банктары банктар аралык валюта аукциондорунда 5,5 миллион доллар сатып алышты. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Анын ичинен 2,2 млн доллары бүтүм жасалган күндөгү эсептешүү менен сатылып алынса, калган сумма бүтүмдүн датасынан башка күндөгү эсептешүү менен сатылып алынган.

Бир күн мурда, 30-ноябрда банктар аралык валюта аукциондорунда 11,15 миллион доллар сатылган. 

Кошумчалай кетсек, аукциондун жыйынтыгы боюнча курс 30-ноябрдагы сооданын деңгээлинде сакталып, 1 доллар 84,45 сомду түздү.