Банктар аралык соодада долларга суроо-талап 12 эсе өстү

10 января 2023, 09:02

Кечээ, 9-январда коммерциялык банктар банктар аралык валюта аукциондорунда 1,2 миллион доллар сатып алышты.

Бардык бүтүмдөр түзүлгөн күндөгү эсептешүүлөр менен жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын аягынан бери чет элдик валютага суроо-талап 12 эсеге өскөн. Аукциондо доллардын баасы өткөн жылдын 20-декабрындагы 85,68 сом деңгээлинде болду.