Кыргызстанда насыяга суроо-талап дээрлик 20% кыскарды

27 июня 2022, 14:20

Кыргызстандын коммерциялык банктары май айында 13 миллиард 562 миллион 341,9 миң сомго насыя беришти, деп билдирди Улуттук банк.

Бул ушул жылдын апрель айына салыштырмалуу 19,67%га аз. Төмөндөө улуттук валютада берилген кредиттердин көлөмүнүн 23%га же 10,5 млрд сомго чейин кыскарышы менен байланыштуу. Ошол эле учурда чет элдик валютадагы кредиттер апрель айынын деңгээлинде калды - 3 миллиард сомдон бир аз ашык.

Эгер өткөн жылдардын статистикасын карасак, апрель айында кредиттер май айында алынган суммадан ашат.

Кошумчалай кетсек, бардык тармактарда насыяга болгон талаптардын төмөндөшү байкалууда, ал эми байланыш тармагы май айында коммерциялык банктардын кредиттеринен толук баш тарткан.