Банктар аралык соодада валютага суроо-талап 68,2%га кыскарды

24 марта 2023, 09:03

Коммерциялык банктар 23-мартта банктар аралык соодада 2 миллион 170 миң доллар сатып алышты. Бул маалымат Улуттук банктан белгилүү болду.

Анын ичинен 1 млн 690 миң доллар бүтүм түзүлгөн күндөгү эсептешүү менен, дагы 480 миң доллары бүтүм түзүлгөн күндөн башка эсептешүү менен сатылып алынган. Аукциондо доллардын баасы 87,42 сом деңгээлинде калды.

Кошумчалай кетсек, 22-мартка салыштырмалуу коммерциялык банктар арасында чет элдик валютага суроо-талап 68,2%га кыскарган.